• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта төө буурчактын жаңы түрү өстүрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.08.19. /Кабар/. Таласта төө буурчактын жаңы түрү өстүрүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдан баштап жергиликтүү дыйкандарга жакшы шарттар түзүлүп жатат.

"Баарына белгилүү болгондой, Талас облусунда негизинен төө буурчак өстүрүлөт. Бул жылы түшүм начар болуп калды. Биз 30 жыл аралыгында төө буурчактын түрүн өзгөртпөй келгенбиз. Бул жылы Түркияда өстүрүлгөн төө буурчакты алып, 40 гектар жерге айдадык. Мол түшүм болот деп күтүп жатабыз. Эгер жакшы болсо төө буурчактын ушул түрүнө өтөбүз", - дейт Мураталиев.

Пикир

Оставить комментарий