• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта төкмөлөрдүн айтышы башталды

Коом 0

Талас, 08.11.18 /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Талас шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган республикалык акындар айтышы башталды. Айтыш Капар Медетбеков атындагы драма театрда өтүүдө.

Айтыштын башында сөз сүйлөгөн "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Талас жеринде жана Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө белгилеп жаткандыгын билдирди.

"Чыңгыз Айтматовдун мааракеси Таласта, Кыргызстанда же түрк тилдүү мамлекеттерде эле эмес, океандын ары жагында, дүйнөдө белгиленип жатат", - деди ал.

Чыңгыз Айтматовдун мааракесинин урматына уюштурулган акындар айтышына жалпысынан 16 төкмө катышууда. Айтышка чыккан акындардын жамагында залкар жазуучу кыргыз атын дүйнөгө тааныткандыгы, ал калтырган мурас чыгармалары, андагы каармандар, баалуулуктар айтылууда.

Белгилей кетсек, айтышты көрүүгө келген көрүүчүлөрдүн катарында жазуучунун карындашы Роза Айтматова, уулу Эльдар Айтматов, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана депутаттар бар.

Пикир

Оставить комментарий