• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта өтүп жаткан манасчылардын сынагында милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө

Аймак 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Талас облусунда өтүп жаткан манасчылардын республикалык "Урааным Манас!" аттуу фестивалында коомдук тартипти камсыздашууда. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылындагы Манас-Ата чокусунун ылдый жагында жайгашкан Кочкор-Ата жайытында 18-19-августта өткөрүлөт.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарынан белгилүү манасчылар катышууда. Аталган иш-чарада Талас ОИИБнин начальниги, милициянын полковниги Марлис Асанов тиешелүү кызматтарга буйрук берип, иш-чаранын жүрүшүндөгү коопсуздукту көзөмөлгө алды.

"Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Талас ОИИБнин кызматкерлери коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылышууда. Ал эми ЖКККБнын кызматкерлери келген конокторду коштоп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттерди аткарышууда",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, фестиваль Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий