• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта табылган ак илбирс: Ак илбирсти аткандар кармала элек. Кылмыш иши ачылган – Шерипов

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Таласта табылган ак илбирсти аткандар кармала элек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов билдирди.

Белгилей кетсек, жарадар болгон ак илбирс 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылында табылган. Кийинирээк жаныбар Бишкекке алынып келген. Бишкекте ал рентгенге түшүрүлүп, рентген сүрөтү көрсөткөндөй анын баш бөлүгүндө 70 майда ок болгон. Ага операция жасалып, жалпы 18 чачма ок алынган.

"Ак илбирсти жакын жерден аткан деген божомол бар. Бүгүнкү күндө аткан адамдар кармала элек. Ал боюнча кылмышы иши ачылып, каттоого алынган. Аткандар кармалса мыйзам чегинде жооп берет ", - деди ал.

Таласта табылган ак илбирс болжол менен 1-2 жашта.

Белгилей кетсек, ак илбирсти атууга 1,5 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий