• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгында 7-октябрда терроризм жана экстремизмди алдын алууга багытталган семинар өттү.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрүнө “Жаштар арасында радикалдашуунун жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теоретикалык жана практикалык негиздери” аталышындагы семинар өттү.

Аталган иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн, ИИМдин ЭММКАК бөлүмүнүн башчысы Манас Аманбаев, Талас облусунун милициясынын начальнигинин орун басарлары Шукурбек Кушбеков, Алмаз Тулебеков, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда өлкө аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын көз караштары тууралуу слайд көрсөтүлдү. Анда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштердин мыйзамдуулугу көзөмөлдөнүп, аларды жоюу, террордук чабуулдардан коргонуу боюнча тиешелүү жактарга сунуштарды, жазуу түрүндө эскертүүлөрдү жиберүү иштери аткарылышы зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары, иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар тарабынан биргеликте тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий