• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта тез тамактануучу жай өрттөнүүдө. 11 адам жабыркады, төртөөнүн абалы оор

Кырсык 0


Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунда тез тамактануучу жай өрттөнүп жатат, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Адыр айылынын Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тез тамактануучу жайда газ баллону жарылып, натыйжада өрт чыккан.

"Тилсиз жоо саат 15:28де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттү өчүрүүгө бир өрт өчүрүү бөлүмү тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыктан жабыркаган 11 адам ар кандай жараат менен Кара-Буура аймактык ооруканасына жеткирилген. Төртөөнүн абалы оор деп бааланууда. Тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий