• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Таласта тез жардам унаасы кырсыкка учуруп, айдоочу менен фельдшер каза тапты

Кырсык 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда 26-октябрда болжол менен саат 22:10дор чамасында Бакай-Ата райондук тез жардам кызматынын Honda Stepwgn унаасы чакыруу болгон жерге бара жатып жол кырсыгына кабылды.

ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, унаанын 64 жаштагы А.К. аттуу айдоочусу жана 55 жаштагы Ы.С. аттуу фельдшери окуя болгон жерде каза болду.

Учурда жол кырсыгынын чоо-жайы такталууда.

Пикир

Оставить комментарий