• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта тоо-кен компаниясына мыйзамсыз документтер берилген – келтирилген зыян 2,3 млн сом

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз түрдө документтер берилип, мамлекетке 2,3 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облустук прокуратурасы тарабынан токой-чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн төлөм албастан, укук күбөлөндүрүүчү документтерди тоо-кен компаниясына мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган.

Тергөөдө Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т., өз жумушуна шалаакылык мамиле жасап, жер аянтын жеринде изилдөөдөн өткөрбөй туруп, “Г.Ш.М.” ЖЧКсына укук күбөлөндүрүүчү документтерди берип жибергендиктен, мамлекетке 2 млн 353 миң 824 сом зыян келтирилгендиги такталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн зыян “Г.Ш.М.” ЖЧКсы тарабынан толугу менен орду толтурулуп, аталган мамлекеттик мекеменин мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т., кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Пикир

Оставить комментарий