• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн ат майданы оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Таласта Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары боюнча мелдештер өтө турган ат майданы оңдолууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин жетекчиси Адилет Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштерине 30 миллион сом бөлүнгөн.

"Улуттук көчмөндөр оюндары өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу 2 миң орундуу ат майданында оңдоо иштери жүрүүдө", - деди Абдыкадыров.

Абдыкадыров билдиргендей, оңдоп-түзөө иштери 15-сентябрга чейин аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий