• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта өзгөчө оор кылмышка шектүү жаран изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айынан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып, качып жүрөт.

2021-жылдын 1-июлунда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ага карата издөө жарыяланган.

Б.Биримкуловдун өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, денеси орто түзүлүштө, бети тоголок.

“Кара-Буура РИИБи Б.Биримкулов боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюңуздарды өтүнөт: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же 102 кызматына”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий