• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Таласта жүргүнчүнү зордуктаган таксист кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Талас облусунда таксист жүргүнчүсүн зордуктаган. Аталган маалыматты "Кабар" агенттигине облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кылмыш, 31-январь күнү Кум-Арык айылына жакын жерде болгон. Таксист Бишкектен кардарларды чогултуп Таласка жөнөгөн. Баардык адамдарды жеткирип, унаада калган 38 жаштагы аялды зордуктаган.

Жабырлануучу Чүй облусунун тургуну болуп чыккан. Ал милиция кызматына арыз жазып, таксинин айдоочусу күч колдонуп, зордуктагандыгын билдирген.

Шектүү катары Бакай-Ата районунун тургуну 29 жаштагы жаран кармалган.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки териштирүү иштер жүрүүдө.

Айдоочу 2019-жылдын март айына чейин үй камагына алынган.

Пикир

Оставить комментарий