• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Таласта жапайы көгүчкөн аткан жаран айыпка жыгылды

Аймак 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Тала облусунда жапайы көгүчкөн аткан жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциядан билдиришти.

Мамэкотехинспекциядан белгилешкендей, Н.Райымбердиев аттуу жаран Жер-Үй өзөнүнөн жапайы көгүчкөндү мыйзамсыз атып алганы (16 калибрдеги мылтык) аныкталган. Ага КР Бузуулар кодексинин 192-беренесине ылайык 12 миң 500 сом айып салынып, 3 миң сом доо коюлуп толук өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий