• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта жарандар өз ыктыяры менен ок атуучу куралдарды милицияга тапшырууда

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында “Арсенал” аттуу рейд өтүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, рейддин максаты облуста ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү.

Райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, апрель окуяларында жана башка учурда жоголгон, уурдалган ок атуучу куралдарды тапшыруу боюнча алдын алуу иштерин аткарууда.

Рейддин учурунда жарандар өздөрүндө көптөн бери сакталып жүргөн ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырууда. Ушундай тартипте милицияга өз ыктыяры менен тапшырган жарандарга сайлуу жана сайсыз ок атуучу куралдарды мыйзамга ылайык кылып каттоого жеңилдиктер болорун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий