• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта "Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы" аттуу форум өттү

Аймак 0

Бишкек, 06.02.20. /Кабар/. Таласта "Жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы" аттуу форум өттү. Бул тууралуу Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Форум 5-февраль күнү Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында болуп өткөн. Ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматынын жана Талас облустук милициясынын демилгеси менен уюштурулган.

Иш-чарага жалпы 500 киши катышкан.

Иш-чаранын максаты – жаштар арасында экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу боюнча жергиликтүү бийликтин, укук коргоо органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын ортосундагы иш-аракеттерди күчөтүү менен бирге натыйжалуу чечимдерди иштеп чыгуу.

"Иш-чарада ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, салттуу дин, экстремизм жана терроризм жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Талас облустук Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры тарабынан даярдалган көркөм чыгарма тартууланды", - деп билдиришти облустук милициядан.

Ошондой эле форумда жаштар арасындагы диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана коомдук бирикмелердин диний экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуудагы кызматташтыгы жөнүндө маселелер каралып, талкууланган.

Форумдун жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, анда диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдө, алардын алдын алууда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Талас облусунун ИИБнин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, Талас облустук казыятынын жана райондук имам-хатибдеринин милдеттери белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий