• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таласта жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Таласта жер тилкелерин берүүгө байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Бакай-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзү жана башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында К.Т. аттуу жаранга берилген жерден А.Б. аттуу райондун тургунуна жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом кабыл алышкандыгы аныкталган.

Андан кийин «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлери жогорудагы токтомдун негизинде билип туруп жалган маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттик акты даярдап, анын жыйынтыгы менен А.Б. аттуу жаранга Башкы планында каралбаган жер участогу мыйзамсыз катталган.

Жер тилкеси биринин үстүнө бири катталып берилгендигинин кесепетинде ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлери дагы башка эки жарандын (К.Т. жана К.А.) укук күбөлөндүрүүчү документтерине жалган маалыматтарды киргизишкен.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Бакай-Ата филиалынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн белгиленген фактылар райондук прокуратуранын КЖБРне КР Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен 4 материал катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Пикир

Оставить комментарий