• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Талас шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүү боюнча семинар өттү. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Семинардын ишине аталган агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана шаардык кеңештердин төрагалары катышты.

Аталган семинар Улуттук статистикалык комитети жана Мамлекеттик кадр кызматы менен бирге ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен, КР президентинин "Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" жарлыгына ылайык өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий