• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта жездесинин жылкысын уурдап сатууга аракет кылган киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Таласта жездесинин жылкысын уурдап, этин саткан киши кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас РИИБсине Талас районунун Жон-Арык айылынын 1975-жылы туулган С.А., аттуу жашоочусу арыз менен кайрылган. Арыз ээси 3-февралда үйүндө байланып турган үч бээнин бирөө уурдалгандыгын айткан.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш жаза Кодексинин 205-беренеси ("уурулук) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында аталган кылмыштын бети ачылып, шектүүлөр кармалган. Алар Талас шаарында чогуу бир үйдө жашаган достор 1987-жылы туулган А.Э., жана 1986-жылы туулган С.А., экендиги аныкталган.

Андан тышкары, уурдалган жылкынын ээси шектүүнүн жездеси экендиги такталган.

Иликтөө учурда шектүүлөр уурдалган малды мал союп сатуучу жайга алып барып, сатып жаткан жеринен милиция кызматкерлери колго түшүрүшкөн.

Учурда алар тергөө бөлүмүндө суракка алынып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий