• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Таласта жол кырсыгы катталып, экөө жабыркап, 1 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болуп, дагы 2 жүргүнчү жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-декабрда болжол менен саат 19:16лар чамасында Кызыл-Адыр айылында “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаа менен “Нива” үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Натыйжада 1968-жылы туулган К.Т. аттуу эркек киши каза болуп, 2 жүргүнчү жабыркаган.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, маркумдардын денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандарды тез жардам кызматы райондук ооруканага алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий