• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта унаа оодарылып, ичинде 2 адам калган

Аймак 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Бүгүн, 13-октябрда саат 05:55 чамасында Талас районунун Кара-Сай айылында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып, оодарылып калган. Кырсык болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, унаанын ичинде калганда эки адамды чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий