• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта жол кырсыгынан 3 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 18-чакырымында Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 3 адам ар кандай жеңил жаракаттарды алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркагандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалдары туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий