• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Таласта жол кырсыгынан эки өспүрүм каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Талас районундагы Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда (Чат-Базар айылы) Mercedes Benz үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол четиндеги тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 2 өспүрүм - 2007-жылы туулган Б у Б. жана И.Ж аттуу жарандар жабыркаган. Куткаруучулар кыпчылып калган жарандарды чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар ооруканага жетпей тез жардам кызматынын унаасында каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий