• 84.8
  • 95.69
  • 1.15

Таласта жол кырсыгынан сегиз адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.21. /Кабар/. Таласта жол кырсыгынан сегиз адам каза болду, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 15-октябрда болжол менен саат 22:54 чамасында Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 61-чакырымында (Кара-Ой айылы) "Хонда-Степвагон" менен "ДАФ" үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен 7 эркек жана бир аял каза болгон.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, каза болгондорду унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий