• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таластагы айтышта Амантай Кутманалиев баш байгени жеңип алды

Аймак 0

Талас, 08.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Бүгүн, 8-ноябрда Талас шаарында болгон акындардын таймашында Амантай Кутманалиев баш байгени жеңди. Айтыш Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулуп, Капар Медетбеков атындагы драма театрда өттү.

Баш байгенин ээси А. Кутманалиев 200 миң сом сыйлык алды. Ал эми биринчи орунду ээлеген акын Баян Акматовго 150 миң сом байге берилди.

Экинчи орун менен үчүнчү орунду эки акын бөлүшүп алышты. Ошентип Абдылда Нуралиев менен Асылбек Маратов экинчи орундун байгесине - 80 миң сомго ээ болушту. Ал эми үчүнчү орун Жылдызбек Төрөканов менен Кадырбек Бейшеновго буюруп, алар 50 миң сомдон алышты.

Байгелүү орунга жетпей калган төкмө акындарга кызыктыруучу сыйлык катары ар бирине 20 миң сомдон тапшырылды.

Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн. сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, айтыш өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улутук “Манас ордо” комплекси жана “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий