• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластагы айыл өкмөтүнө экологиялык коопсуздук чаралары аткарылбагандыктан айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Талас облусунун Бакайыр айыл өкмөтүнө экологиялык жана техникалык коопсуздук чаралары аткарылбагандыктан айыппул салынды. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришти.

Экотехинспекциянын Талас аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Талас облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына пландуу текшерүү болгон.

Башкы прокуратура менен 2019-жылдын 31-декабрындагы макулдашуунун негизинде Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Бакайыр айыл өкмөтүнө 2020-жылдын 15-сентябрында текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен текшерүү актысы толтурулуп, экологиялык жана техникалык тармактары боюнча мыйзам бузуулары аныкталган. Аны четтетүү боюнча эскертме жазуу берилген.

Аталган эскертме жазууда көрсөтүлгөн талаптарды толук кандуу жана өз мөөнөтүндө аткарылбагандыгы үчүн 2020-жылдын 4-октябрында контролдук текшерүүнүн негизинде Бузуулар кодексинин 293-беренесин 2-категориясы боюнча айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий