• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таластагы “Атлах” комплексинин мыкты долбоорунун авторлору сыйланды

Коом 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. 11-апрелде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин долбоорун иштеп чыккан авторлор сыйланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, аларга министрлик тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктын сертификаты тапшырылды.

Жолугушууда долбоорду иштеп чыгуучулар аталган тарыхый жайдын маанилүүлүгүн ачып берүүдө кандай аракеттерди көргөндүгүн айтып, аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тынымсыз изденүүдө болгондугун белгилешти.

Министр өз кезегинде долбоорду толук кандуу мындан ары иштеп чыгуу үчүн конкурстук комиссиянын сунуштарын эске алып, аталган тарыхый жайды курууда, долбоорлоо иштеринде активдүү катышып берүүгө чакырды.

Эске салсак, Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоорунун авторлору катары "АСМАТ" ЖЧК студиясы жеңүүчү болуп табылган. Башкы архитектору М. Абдылдаев жана архитекторлор К.Турдакунов жана К.Бекбосун болгон.

Пикир

Оставить комментарий