• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластагы “Атлах” музейинин мыкты долбоору тандалды — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Талас облусундагы “Атлах” мамлекеттик тарыхый-маданий жана мемориалдык комплексинин мыкты долбоору тандалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конкурстук комиссиянын чечими менен "АСМАТ" ЖЧК студиясы жеңүүчү болуп табылды. Башкы архитектору М.Абдылдаев жана архитекторлор К.Турдакунов жана К.Бекбосун болду.

Жобого ылайык, министрлик тарабынан конкурстун жеңүүчүсүнө 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле автор комиссиянын сунушун эске алып долбоорду толуктап иштеп чыгуусу керек.

Сынакка жалпы сегиз долбоор келип түштү.

Пикир

Оставить комментарий