• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таластагы Чалдыбар мектеп-интернаты жабылбайт — министрлик

Аймак 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Таластын Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылындагы Чалдыбар мектеп-интернаты жабылып жаткандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКлардын биринде Чалдыбар мектеп-интернаты жабылып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 10-июнундагы токтомуна ылайык, “Манас” интернат-лицейи жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернатынын имаратына жайгаштырылат.

“Интернаттын мурдагы директору Шаршенбек Конгантиев менен түзүлгөн эмгек келишими Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан узартылган жок. Анткени мектеп-интернаттын жетекчиси сынактык тандоонун жыйынтыгы менен дайындалат”, - деп айтылат маалыматта.

Чалдыбар мектеп-интернаты мурдагы режимде иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий