• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластагы “Чоң-Капка” пунктунда унаадан контрабандалык дары-дармектер табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктунда жеңил унаадан контрабандалык дары-дармектер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө “Чоң-Капка” пунктунда А.С., аттуу жарандын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.

Автоунааны текшерүү учурунда дары-дармектер салынган 89 куту контрабандалык жүк табылды.

Учурда келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий