• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таластагы энергетика объектилериндеги оңдоо иштерин октябрга чейин аяктоо тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. КР энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев жана министрликтин өкүлдөрү Талас облусундагы энергетикалык объектилердин кышка даярдык маселесин жеринен көрүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, андан тышкары «Түндүкэлектр» ААКтын Талас облусундагы филиалындагы энергетиктердин катышуусунда жыйын болду.

Жыйында Таалайбек Ибраев 2021-жылдын 1-октябрына чейин энергетикалык объектилердеги жабдууларды оңдоо иштерин аяктоо керектигин белгиледи.

«Негизинен кышка даярдык маселеси өз нугунда жүрүп жатыптыр. Бирок жылытуу мезгилинде авариялык кырдаал жаралса, аны ыкчам чечүүгө даяр болуш керек. Ошондуктан калган оңдоо иштерин 1-октябрга чейин бүткөрүү зарыл. Муну менен катар отун базаларын көбүрөөк ачуу шарт. Анктени, суук түшөөрү менен калк арасында көмүргө болгон суроо-талап жогорулайт», - деди энергетика жана өнөр министринин орун басары.

Эскерте кетсек, Талас облусунда жыгач зым карагайларды бетон тирөөчтөргө алмаштыруу иштери башталган. Бирок оруп-жыюу иштерине тоскоолдук жаратпаш үчүн бул жумуштар азыр токтоп турат. Түшүм жыйналып бүткөн соң аталган ишти соңуна чыгаруу тапшырмасы берилди.

Муну менен катар электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектиги белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий