• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таластагы Манас айылында жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 4ө жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 128-чакырымында (Манас айылы) жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 12-августта болжол менен саат 09:10дор чамасында болгон.

““Subaru Forester” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болуп, 4ө жабыркаган”, - деп билдиришти ӨКМден.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, жабыркаган адамдарга биринчи медициналык жардам көсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Чат-Базар айылында жайгашкан ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий