• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластагы ооруканалардын биринде кош бойлуу келин көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 07.06.19. /Кабар/. Таластагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун биринин коридорунда кош бойлуу келин көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, көз жумган келин болжол менен 20-22 жашта, ал эми курсагындагы ымыркайга 33 жума болгон.

“Бул иш боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Кыздын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”, - дейт Каратаев.

Пикир

Оставить комментарий