• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таластагы өрттү өчүрүү үчүн дагы 50 кызматкер кошулду, жалпысынан 350 адам иштөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 07.08.18. /Кабар/. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамовдун чечими менен Таластагы өрттү өчүрүү үчүн Чүй жана Токтогул токой чарбаларынан 50 кызматкер тартылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Бакай-Атанын токой чарбаларынын, Кара-Бууранын мамлекеттик жаратылыш паркынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, чек ара кызматынын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлеринин жасаган иш-аракеттеринен улам өрт бир нече жолу өчүрүлгөн.

Бирок 5-августта саат 17:00 чамасында Манас районунун токой чарбасынын Кара-Арча токоюнда өрт чыккан. Аны бүгүнкү күнгө чейин өчүрө албай жатышат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Элдияр Шерипов баштаган ыкчам-мобилдик өрт өчүрүү топтору Таласка барып, керектүү каражаттары менен өрттү өчүрүүгө жардам көрсөтүшүүдө.

Учурда өрттү өчүрүүгө 350 адам тартылган. Тилекке каршы өрттү толугу менен өчүрүү атайын өрт өчүрүү техникасы жок мүмкүн болбой жатат.

Өрт башталгандан бери Алмалуу тоосундагы 10 гектар жайлоо жана Манас токой чарбасынын 20 гектаржайыт жери күйүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий