• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таластагы Шыралжын кенинде бир адамды таш басып каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.18 /Кабар/. Таластын Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыралжын кенинде иштеп жаткан 27 жаштагы жигитти таш басып каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" ушул кендин коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлү Жаныбек Кубандыков билдирди.

Каза болгон адам ушул эле райондун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон жана кен тармагында эки жылдан бери иштеп келаткан.

Маркумдун артында үч баласы калды. Шыралжын кенинде буга чейин мындай окуя катталган эмес.

Кенди ОсОО "Глобал Шыралжын майнинг" компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет.

Пикир

Оставить комментарий