• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таластагы тегерек столдун катышуучулары Конституциянын долбоорун колдоду

Коом 0

Бишкек, 26.03.21 /Кабар/. Кечээ, 25-мартта Таласта жаңы Конституцияны талкуулоо боюнча коомдук иш-чара болуп өттү. Ага саясий партиялардын өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер жана жаштар катышты. Бишкектен барган демилгелүү топ катышуучуларга жарандарды кызыктырган актуалдуу беренелер жана негизги өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып беришти. Өз кезегинде жарандар өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, ачык диалог форматында пикирлерин билдиришти.

Активист, коомдук ишмер Асылбек Анарбаев билдиргендей, талкууда спикерлер коомдун эң татаал суроолоруна жооп берип жогорку деңгээлин көрсөттү.

Иш-чара жарандардын жаңы Конституцияга жогорку кызыгуусу жана ар тараптуу маалымат алууну каалагандыктарын көрсөттү. Жана алардын көпчүлүгү жаңы Конститутциянын долбоорун колдошту.

“Тегерек стол талкуу форматында обьективдүү жана таза өттү. Суроо-жооптор болду. Демилгелүү топтун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү активисттер сөз сүйлөштү. Жалпысынан талкуу позитивдүү маанайда өттү. Тегерек столдун катышуучуларынын басымдуу бөлүгү жаңы Конституциянын долбоорун колдоду. Бирок каршы чыккандар дагы болбой койгон жок, эки жаш жигит каршы чыкты. Алардын сунушталып жаткан жаңы Конституция боюнча жеткиликтүү маалыматы болгон эмес. Жалпысынан манифестке 120 катышуучунун 111и кол койду”, - деп билдирди Анарбаев.

Коомдук ишмер ошондой эле президентти шайлоо учурунда Конституциянын жаңы долбоорун Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү колдогондугун, шайлоочулардын көпчүлүгү (80 пайыз) президенттик башкаруу формасын тандагандыгын билдирди. Азыр элдин тандоосун формалдуу түрдө мыйзамдаштыруу гана калды. Жалпысынан эл президенттик башкаруу формасын тандап алды. Учурда Конституциянын жаңы долбооруна каршы чыгып жаткандар бийликти узурпациялоо болуп жаткандыгын айтып жатышат, бирок мен андай деп эсептебейм. Анткени, 30 жылдын ичинде Конституция кагаз жүзүндө гана президенттик-парламенттик болуп келсе, ал эми чындыгында бардыгын президент “чечип” келген. Бул факт, тарых. Президенттин түз көрсөтмөсү жок 120 депутат эч нерсени демилгелей алган эмес. Чындыгында тоталитаризм болуп, бийлик узурпацияланган”, - деди Анарбаев.

Активисттин айтымында, ал учурдагы Баш мыйзамдын тарапкери болгон эмес, ага баары жоопкерчилик алуудан качкандары жана анын бийликтин жооптуу фигуранттарына тийише албагандыгы себеп болгон.

“Ал эми Конституциянын жаңы долбоору боюнча жоопкерчиликти президент, өлкө башчысы мойнуна алат, жана Конституциянын гаранты катары толук жоопкерчиликтүү болот. Ошондуктан мен жаңы Конституциянын тарапкеримин. Мамлекет үчүн жооп бере турган бир адамды аныктайбыз, ал эми азыркы Конституцияда жоопкерчиликти эч ким мойнуна алган эмес. Бардыгы жоопкерчиликтен качкан. Ошондуктан сунушталган Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алышыбыз керек”, - деп жыйынтыктады Анарбаев.

Пикир

Оставить комментарий