• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таластагы тез татым жайынан чыккан өрт эки дүкөндү жана чач тарачты каптаган

Кырсык 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Талас облусунун Кара-Буура районунда 4-январда "Шаурма Сити" тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн кесепетинен 11 адам күйүк жаракат алышкан (4 эркек, 5 аял). "Шаурма ситиден" сырткары эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чач тарач күйгөн. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоо саат 16:52де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби газ баллонду колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Пикир

Оставить комментарий