• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары: Спорт оюндары 16-сентябрда старт алат

Маданият 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыйындар залында Улуттук көчмөндөр оюндарына карата даярдыктар боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Жыйында Улуттук көчмөндөр оюндарынын жүрүшү, алдын ала даярдыктар, режиссёрдук топтун иш-пландары жана ар кандай маселелер талкууланды.

Улуттук спорт оюндары 16-сентябрда, маданий иш-чаралар 19-сентябрда башталуусу күтүлүүдө. Ал эми, 5-сентябрдан тарта Талас шаарында атайын штаб ачылып, маданий иш-чараларды даярдоо иштери күчөтүлгөн режимде ишин баштайт.

Улуттук көчмөндөр оюндарынын максаты - өлкөдөгү элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү. Ошондой эле, этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө болуп эсептелет.

Эске салсак, Улуттук көчмөндөр оюндары 2019-жылдын 16-21-сентябрь күндөрү Таласта өтөт.

Пикир

Оставить комментарий