• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таластагы "өзгөчө кырдаал". Көпүрөнү муздан тазалоо иштери жүрүп жатат

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы Каракол суусундагы көпүрөнүн алдын муздан тазалоо иштери журүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Көпүрө-Базар айылындагы №36 жол тейлөө ишканасынын балансындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн астына кышкы суукта муз тоңуп, Каракол суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Суу нугунан ашып, болжол менен 50 үйдү каптоо коркунучу жаралган.

Бүгүн жеринде тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук №101 ӨКБдан 7 куткаруучу жана Айдаралиев айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылды. Куткаруучулар, жолчулар жана айыл эли менен биргеликте тоңуп калган шыргалаң муздарды тазалап, сууну каналга буруу иштерин аткарышууда.

Эске салсак, 26-январда кырсыкка байланыштуу райондук деңгээлде "өзгөчө кырдаал" режимин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий