• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таластан Баткенге 3 фура курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жөнөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Кечээ, 10-майда саат 18:15тер чамасында Талас шаарынан Баткен элине 3 фура курулуш материалдары жана азык-түлүктөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ошондой эле Бакай-Ата районунун Май, Өзгөрүш айылынын тургундары тарабынан 32 тонна цемент чогултулду. 20 тонна тилинген тактай, 20 тонналык жүк ташуучу унаага азык-түлүк жүктөлдү. Ал эми өкүлчүлүк тарабынан 1 тонна 200 литр күйүүчү май даярдалды.

"Биздин элдин ишеничин актап, бизге келген аманат дарегине жетиш үчүн иш алып баруудабыз. Эми чогултуу боюнча иш-чарабызды жыйынтыктап, жалпы элге ыраазычылык билдирүү менен жардам чогултуу боюнча талап болбосо токтотобуз. Ошондой эле кандай учур болбосун, ынтымакта эл, жер үчүн иш алып барууну улантабыз", - дейт өкмөттүн Талас облусудагы өкүлү Бакытбек Нарбеков.

Пикир

Оставить комментарий