• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таластык команда көк-бөрү боюнча “Нооруз-2017” мелдешинде жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Таластын “Ынтымак” командасы көк-бөрү боюнча Бишкекте өткөн “Нооруз” майрамына арналган мелдеште жеңүүчү болду. Бул тууралуу Жаш тар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ Бишкек шаарындагы “Ак-Кула” ат майданында көк-бөрү боюнча салтка айланып калган республикалык турнирдин финалдык беттеши өттү.

Финалда Оштун “Достук” командасы менен Таластын “Ынтымак” командасы беттешти. Оюнда үчүнчү орун үчүн Таластын “Мурас” командасы менен Чүй облусунун "Сокулук” командасы ат салышты.

Оюндун жыйынтыгы боюнча “Ынтымак” 8:7 эсебинде атаандашын жеңип, мелдештин жеңүүчүсү болуп калды. Экинчи орунду Оштун “Достук” командасы үчүнчү орунду “Сокулук”, төртүнчү орунду “Мурас” командасы алды.

Жеңүүчү команда (“Ынтымак”) 350 миң сом, “Достук” – 250 миң сом, “Сокулук” – 150 миң сом, “Мурас” – 100 миң сом суммасындагы байгеге ээ болушту.

Мелдештин эң мыкты аты Ахиллес каймана аттуу тулпар аталды. Жалпысынан мелдешке 12 команда катышты.

Жалп байге фонду 1 млн 135 миң сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий