• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таластын ар бир районунда 50-60тан орундук даярдалган - Мураталиев

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунун ар бир районунда 50-60тан орундук даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдөө турат.

“Таласта күндүзгү стационарларда 661 орундук даярдалган. Ал жерден 6 миң 291 адам келип керектүү медициналык жардам алышты. Учурда облуста 1 миң 554 адам дарыланууда. Ар бир райондо 50-60тан орундуктарды да уюштурганбыз. Ал эми Талас шаарындагы “Газпром” комплексинде да орундуктар түзүлгөн”, - дейт ал.

Мураталиев жарандарды үйдөн дарыланбастан күндүзгү стационарга барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий