• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Таластын Бакай-Ата районунда энелерге арналган майрамдык иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 22.05.22./Кабар/. Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айыл өкмөтүндө энелерге арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

"Миң-Булак айылында 32 жашында жолдошунан ажырап, үч уул, беш кызды тарбиялап өстүргөн Баатыр эне Рысбүбү Ильязова жашайт. Учурда 24 небересинин, 21 чеберенин сүйүктүү чоң энеси. Ошондой эле Баатыр энелер Күкүн Токторалиева, Рыскан Султанкулова, Баисбуу Турумтаева жана Дильбара Мырзакматова уул-кыздарына татыктуу тарбия келип келишет", - деп айтылат билдирүүдө.

Энелерге арналган иш-чара айыл өкмөттүн демилгеси жана айылдык кеңештин жардамы менен өткөн.

Майрамдык кечеде Баатыр энелер өз баталарын берип, уюштуруучуларга ыраазычылыктарын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий