• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластын Бекмолдо айыл өкмөтүндө милиция аткарган иштери тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Талас райондук милициясынын башчысы Артур Иманбеков Бекмолдо айыл өкмөтүндө эл менен жолугушуу уюштурду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ага Талас облустук милициянын башчысынын орун басары Алмазбек Түлөбеков, райондук милициянын башчысынын орун басары Равхат Жанкорозов, кызмат башчылары жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Садык Бекназаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуу Кара-Ой айылында Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүндө өткөрүлдү. Жыйындын башында Артур Иманбеков тейлеген аймактагы кылмыштуулуктун абалы, милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Айыл тургундары Тараз-Талас-Суусамыр авто жолуна жол белгилерин көбүрөөк орнотуу керектигин, улак тартыш оюндарына катышкан балдардын коопсуздугу боюнча чара көрүү керектигин айтышты.

Талас облустук милициянын башчысынын орун басары Алмазбек Түлөбеков жолдорго коюлган видео байкоочу камералардын иштеши боюнча кеңири маалымат берип өттү. Бүгүнкү күндө кылмыштын бетин ачууда жана болтурбоодо милиция кызматкерлери заманбап технологияларды колдонуу менен ийгиликке ашырып жаткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий