• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таластын үч районунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Талас облусунун үч районунда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигиниен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, облуста Кара-Буура, Манас жана Бакай-Ата райондорунун аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 24-мартта, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталганы айтылган. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетет. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий