• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таластын командасы көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпиону болду

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында 25-30-октябрь күндөрү көк бөрү боюнча өлкө чемамонаты өттү. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мелдеш чоңдор жана жаштар арасында өттү. Жаштар арасындагы оюндун финалында Чүй жана Нарындын командасын 7-0 эсебинде утса, чоңдор арасында Талас жана Чүйдүн курамасын 7-5 эсебинде жеңди.

Чемпионаттын жыйынтыгы:

Чоңдор арасында:

1-орун – Талас;

2-орун – Чүй;

3-орун – Ош.

Мыкты оюнчу – Кушчубай Илис уулу (Талас);

Мыкты аргымак – Көк-Мончок (Чүй);

Жаштар арасында:

1-орун – Чүй;

2-орун – Нарын;

3-орун – Талас.

Мыкты оюнчу – Калкаман Акбаржан уулу (Чүй);

Мыкты аргымак – Арча-Тору (Нарын).

Пикир

Оставить комментарий