• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Таластын тургунунун үйүнөн 4 кг марихуана табылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Таластын тургунунун үйүнөн 4 кг марихуана табылганын ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Аталган кызматтын Талас облусу боюнча башкармалыгына А.Ф. аттуу жаран баңгизат каражаттарды, тактап айтканда, марихуананы Талас шаарында таратып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (“Сатуу максатында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында 56 жаштагы А.Ф. аттуу жаран кармалып, жашаган дареги аныкталган. Анын үйүн тинтүү учурунда 4 кг 250 гр марихуана табылып алынган.

Учурда аталган ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий