• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таластын Өзгөрүш айылындагы муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиев Өзгөрүш айылындагы Куттубек мечитинин жамааты менен биргеликте муктаж 20 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жардам таратты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, демилге Таалайбек ажы Бапиев тарабынан көтөрүлүп, жергиликтүү жамаат колдоого алган.

"Муктаждарга кайрымдуулук колун сунуу сооптуу амалдардан экендигин унутпашыбыз керек. Инсан кайсыл амалы менен бейишке кирерин эч ким билбейт. Андыктан жакшылык иште жарыша берели", - деди Таалайбек ажы Бапиев.

Пикир

Оставить комментарий