• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Талдыбулак Левобережный» алтын кенинде Кытайдын үч жараны каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 20-июнь /Салтанат Абдраева – Кабар/. Чүй облусунда орун алган «Талдыбулак Левобережный” алтын кенинде эки кырсыктын кесепетинен үч жумушчу көз жумду. Алардын үчөө тең Кытай Эл Республикасынын жарандары. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Кыргызстандын Тоо-кен металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди.

Маалыматка ылайык, алтын кенде эки күтүлбөгөн кырсык болгон. Бирөөсү 14-июнда, тоо этектери урап, жүк жеткирүүчү унаанын айдоочусу каза тапкан. Экинчиси бүгүн саат эртең мененки 10:00дө болгон. Анда эки жер казуучу 30 метрлик бийиктиктен кулап кетип көз жумган. Алар КЭР жарандары болгон.

Э. Таджиев “атайын комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо жайы жана күнөөлүүлөр иликтенет”,- деди.

Пикир

Оставить комментарий