• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Талисман» пансионатында 17 жаштагы бала чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Ысык-Көл районунда 1-сентябрь күнү саат 16:25те Бостери айылында жайгашкан «Талисман» пансионатында 2003-жылы туулган бала көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн министрликтин куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий