• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азык-түлүктүн баасы түшүп, тамеки жана алкоголго өсүүдө – Улуттук статком

Коом 0

Бишкек, 12.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстанда алкоголдук жана тамеки продукцияларынын баасы өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин адиси билдирдию

Экономикалык статистика жана улуттук эсептөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Эльвира Исенкулова 2017-жылдын январь-августунда инфляциянын деңгээли республика боюнча керектөөчүлүк деңгээлде 1,5%ды түзүп, тамеки жана алкоголдук продуктулардын баасынын өсүшүнө таасир берди.

“Тамекинин баасы 19,3%га, кызматтардын баасы 3%га өстү. Тамак-аш жана алкоголдук эмес ичимдиктердин баасы 1,3%га өскөн. Ошол эле учурда 2016-жылдын декабрына салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын баасы 0,5%га жан7а алкоголдук ичимдиктер 3,9%га арзандаган”, -деп түшүндүрдү ал.

Алардын маалыматы боюнча 2017-жылдын августунда керектөөчүлүк баанын төмөндөшү байкалган.

“Картошка, кум шекер, күрүч, акшак жана ун арзандаган. Ошол эле учурда калкты тейлөө кызматтарынын баасы 14%га жогорулаган”, - деди Исенкулова.

Пикир

Оставить комментарий