• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тамак-ашка аллергия болгон учурда COVID-19га каршы эмдөө алууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Тамак-ашка аллергия болгон учурда COVID-19га каршы эмдөө алууга болот. Бул тууралуу М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев брифинг учурунда билдирди.

Сарыбаев тамак-аштын түрлөрүнө (мисалы, жумуртканын сарысына же белогуна) аллергия бар болсо, COVID-19га каршы вакцина алууга болорун айтты.

“Бул учурда сөзсүз түрдө дарыгерге же медперсоналга аллергия бар экендигин айтуу зарыл. Эгерде аталган жумуртканын сарысына же белогуна болгон аллергия анафилактикалык шок же Квинке шишигине алып келген учурлар болсо, анда эмдөөдөн баш тартуу керек. Адамдын анамнезинде мурун анафилактикалык шок же Квинке шишиги болсо, вакцина алууга болбойт. Бул абал – адамдын жашоосуна коркунуч келтирген абал болуп эсептелип. Кээ бир учурда өлүмгө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан аталган абалда болгон бейтаптарга эмдөө жасалбайт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий